30-ноябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетине 1-курска кабыл алынган жаш кызматкерлердин Ата Мекенге болгон ыйык сезимин бекемдөө жана кесипкөйлүүлүккө үндөө максатында студенттерге Кыргыз милициясынын атасы, тунгуч генерал, милициянын генерал-майору Эргеш Алиевди эскерүү иш-чарасын уюштурду.

🔹Иш-чара милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин эстелигине гүл чамбарларын коюп, таазим этүү менен башталды.

🔸Андан соң студенттер окуу залында “Биринчи генерал” тасмасына күбө болушту.

Тасма кыргыз советтик телеканалдын чыгармачыл тобу тарабынан тартылып, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган.

🔹Буга чейин сүрөттөрдө жана эстелигин гана көрүп таанып келген студенттер, бул жолу тунгуч генералды экрандан көрүп өзгөчө таасирленишти.

🔸Тасмадан кийин, Академиянын музейине барып генерал-майор Эргеш Алиевдин кийген кителин, канжарын көрүп, эрдиктери, ишмердүүлүгү жана үй-бүлөсү тууралуу кенен маалыматтарга ээ болушту.

🔹Студенттер өткөрүлгөн иш-чаранын абдан маанилүү жана тарбиясы өтө чоң болгонун белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *