2022-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Коомдук алдын алуу борборлорунун (ППБ) мүчөлөрүн “Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча коомдук алдын алуу борборлорунун иин уюштуруу жана иш алып баруу жөнүндө” методикалык колдонмо менен тааныштыруу максатында семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага ” Сейферворлд” Эл аралык коммерциялык эмес уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Стефан Стоянов, КР ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын,  Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын Коомдук алдын алуу борборлорунун кызматкерлери жана Академиянын Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучулар жамааты катышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга КАБдын мүчөлөрү үчүн кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча методикалык колдонмо презентацияланды.  Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмүнүн начальниги  милициянын полковниги К.Исаков укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын Концепциясынын презентация кылы, бардык катышуучуларды кылмыштуулуктун алдын алуу чөйрөсүндөгү Иш-мерчем  менен тааныштырды. Семинардын соңунда катышуучулар талкууланган тема боюнча өз ойлорун айтышып, кызыктырган суроолорун беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *