2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Мамлекеттик-аттестациялык сынакты ийгиликтүү тапшырган 116 курсантка  Ички иштер министринин буйругу менен биринчи атайын “милициянын лейтенанты” наамы ыйгарылып,   ИИМдин облустук ички иштер башкармалыктарынын карамагына жөнөтүлдү.

ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги И.Касымбаев бүтүрүүчүлөргө алган билиминин үзүрүн көрүп, ИИОнун мыкты кызматкерлеринин катарын толуктаган татыктуу, кесипкөй адистерден болооруна ишенээрин билдирип, ак жол каалады.   

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *