21-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында кесиптик багыт берүү максатында мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү. Аталган иш-чарага республикабыздын бардык аймактарынын бүтүрүүчүлөрү келип катышты. Мектеп окуучулары Академиянын Э. Алиев атындагы музейи менен таанышып, окуу жайдын тарыхы, каада-салты, профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле курсанттардын күнүмдүк турмушунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат алышты. ИИМдин Академиясынын саптык аянтында окуучуларга саптык даярдык боюнча кыскача сабак өткөрүлүп, ТИРде аларга ок атуучу куралдардын түрлөрү көрсөтүлүп, окуучуларга электрондук тирде Макаров тапанчасынан ок атуу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле алар криминалистикалык полигонго, спорт залдарга барышып, тоскоолдуктар тилкесинде өздөрүн сынап көрүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *