2023-жылдын 9-октябрында Эл аралык карылар күнүнө карата ИИМдин Академиясынын дене тарбия даярдык кафедрасы Академиянын ардагерлер кеңеши менен биргеликте спорттук мелдеш өткөрдү.

 Мелдеште ардагерлер, кызматкерлер, курсанттар жана студеттер тогуз коргоол, шахмат жана теннис боюнча күч сынашышты.  

Шахмат боюнча эркектер арасында: 1-орунду 1-курстун студенти Т.Тапаев, 2-орунду ардагер М.Алымкулов, 3-орунду дене-тарбияга даярдык кафедрасынын окутуучусу милициянын подполковниги А.Абакиров. Кыздар арасында: 1-орун Илимий жана илимий педагогикалык кадрларды даярдоо факультетинин улук тескөөчү-методисти милициянын подполковниги Н.Жорготоева,  2-орун 2-курстун курсанты Т.Максатбекова.

Тогуз коргоол боюнча эркектер арасында: 1-орун Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын башчысы милициянын полковниги У.Осмонов, 2-орун ардагер Н.Сакбаев.

Кыздар арасында: 1-орун ардагер Ж.Кадырманбетова, 2-орун Маалыматтык-китепкана борборунун тескөөчүсү милициянын капитаны А.Мураталиева, 3-орун Окуу-инспекциялык башкармалыгынын тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Б.Маамытова.

Теннис боюнча: 1-орун Кадрлар бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү милициянын полковниги Т.Акунбаев, 2-орун Окуу-инспекциялык башкармалыгынын улук тескөөчү-методисти милициянын подполковниги Н.Азимов, 3-орун ардагер Т.Илимгазиев.

Мелдештин жыйынтыгы менен Дене тарбияга даярдык кафедрасынын башчысы милициянын полковниги Н. Камчибеков грамоталарды жана сыйлыктарды тапшырып, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.   “Урматтуу биздин ардагерлер, Сиздердин бүгүнкү катышууңуздар жаш кызматкерлерге, курсанттарга жана студенттерге абдан чоң таасирин берди деп ойлойм. Анткени, өсүп келе жаткан муун силерден үлгү  жана таалим тарбия алып келебиз. Ар дайым биздин катарыбызда болуп, акыл, кеңешиңерди айтып насаатчыбыз болуп жүрө бериңиздер” –деди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *