Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында «Кыргыз тил жана Айтматов ааламы» аталышындагы үч айлыктын алкагында, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Акыл таймаш” оюну болуп өттү.

Аталган иш-чарага окуу жайдын 1-2-курстарынын курсанттарынан жана студенттеринен куралган жалпы төрт команда катышты. Интеллектуалдык оюн үч турдан туруп, катышуучуларга дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылык жолу жана алган наамдары жөнүндө суроолор берилип, катышуучулардын Ч. Айтматовдун өрнөктүү өмүрү тууралуу канчалык билими бар экени бааланды.

Оюндун жыйынтыгыда калыстар тобунун чечими менен биринчи орунга 2-курстун курсанттарынан турган “Адам” командасы, экинчи орунга 1-курстун студенттеринен куралган “Алтынай” командасы, үчүнчү орунга 2-курстун студенттеринен куралган “Бугу эне” командасы ээ болушту.

Иш-чара ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *