2024-жылдын 23-сентябрында кыргыз тили Мамлекеттик тил макамын кабыл алгандыгынын 35 жылдыгына карата ИИМдин Академиясынын өздүк курамы, курсант-студенттери, угуучулары арасында “Бир адамдан бир китеп” өнөктүгү жарыяланган.

Өнөктүктү биринчилерден болуп ИИМдин Академиясынын маалыматтык китепкана борборунун кызматкерлери баштап берди.

Жарыяланган өнөктүктүн шарттарына ылайык, алар кийинки эстафетаны Окуу-инспекциялык башкармалыгына, Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетине жана Тилге даярдык кафедрасына өткөрүп беришти.

Leave a Reply