2024-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясында “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын алуунун актуалдуу көйгөйлөрү” аттуу офлайн жана видео-конференц-байланыш режиминде эл аралык тегерек стол уюштурулуп, өткөрүлдү.

Эл аралык тегерек столдун максаттары: учурдагы кырдаалды, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөштөгү чакырыктарды талкуулоо. Зомбулукту алдын алууда жана жабыр тарткандарды коргоодо мыкты тажрыйбалар менен алмашуу. Гендердик зомбулук маселесине маалымдуулукту жогорулатуу жана көңүл буруу. Мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү. Зомбулукка каршы күрөшүү жана аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууда эл аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү илгерилетүү.

Тегерек столго ишине Кыргыз Республикасынын ИИМинин Коомдук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Россиянын ИИМинин Уфа юридикалык институтунун, Россиянын ИИМинин Чыгыш Сибирь институтунун, Россиянын ИИМинин Сибирь юридикалык институтунун, Россиянын ИИМинин Барнаул юридикалык институтунун, Россиянын ИИМинин Нижний Новгород академиясынын, Россиянын ИИМинин Ростов юридикалык институтунун жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун өкүлдөрү, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын адистери жана эксперттери ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, адъюнкттары жана магистранттары катышышты.

Иш-чаранын аягында катышуучулар сунуштарды иштеп чыгышты. Тегерек стол учурунда камтылган маалымат практиктер үчүн, ошондой эле илимий иш менен алектенген изилдөөчүлөр үчүн пайдалуу болот.

Leave a Reply