2024-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата квалификациясын жогорулатуу борбору тажрыйба алмашуу жана биргелешкен иш аракеттерди көрүү максатында “Мамлекеттик кызматтагы кызматкерлердин кесиптик мотивациясынын психологиялык өзгөчөлүктөрү” темасында тегерек стол уюштуруп өткөрдү.

 Ага министрликтердин жана ведомстволордун окуу борборлорунун жетекчилери катышып, аталган теманын алкагында кенен талкуу жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар ИИМдин Академиясынын милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы музейинде болушуп, легендарлуу генералдын өмүр баяны, окуу жайдын түптөлүшү жана таржымалы туурасында маалыматтарга ээ болушту.

Leave a Reply