30-ноябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетине 1-курска кабыл алынган жаш кызматкерлердин Ата Мекенге болгон ыйык сезимин бекемдөө жана кесипкөйлүүлүккө үндөө максатында студенттерге Кыргыз милициясынын атасы, тунгуч генерал, милициянын генерал-майору Эргеш Алиевди эскерүү иш-чарасын уюштурду.
Иш-чара милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин эстелигине гүл чамбарларын коюп, таазим этүү менен башталды.
Андан соң студенттер окуу залында “Биринчи генерал” тасмасына күбө болушту.
Тасма кыргыз советтик телеканалдын чыгармачыл тобу тарабынан тартылып, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган.
Буга чейин сүрөттөрдө жана эстелигин гана көрүп таанып келген студенттер, бул жолу тунгуч генералды экрандан көрүп өзгөчө таасирленишти.
Тасмадан кийин, Академиянын музейине барып генерал-майор Эргеш Алиевдин кийген кителин, канжарын көрүп, эрдиктери, ишмердүүлүгү жана үй-бүлөсү тууралуу кенен маалыматтарга ээ болушту.
Студенттер өткөрүлгөн иш-чаранын абдан маанилүү жана тарбиясы өтө чоң болгонун белгилешти.