Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы  Академиясынын тилге даярдык кафедрасы жана илимий иштерди уюштуруу бөлүмү «Мамлекеттик тил –  улуттук нарктын пайдубалы» аталышында тегерек стол өткөрүлдү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы физика-математика илимдеринин доктору, профессор  Каныбек Осмоналиев, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч. Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рахат Сулайманова, Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледждин директору Улан Турдалиев, КР ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Орозакунов Айбек Эмилович, Чүй облустук жана Бишкек шаардык ИИББнын, ИИМдин Республикалык окуу борборунун, Бишкек шаарынын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тилге жооптуу кызматкерлери, Академиянын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.    

Тегерек столдун ачылышында Каныбек Осмоналиев 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган № 140 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамын баяндап берип аны кабыл алуудагы маселер жана талкуулар туураалуу кенен маалымат берип өттү.

Ал эми тегерек столдун катышуучуларына КРнын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов: «Баарыңыздарды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгын 34 жылдыгы менен куттуктайм. Бүгүнкү күндө Академияда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аракеттерди тынымсыз көрүп келе жатат. Мисалы, Академиянын уюштуруу-тескөө иш кагаздарынын бардыгын мамлекеттик тилде жүрүзүлөт. Мындан сырткары, мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү, сабаттуу жаза билүү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн окуу курстарын, өнөктүктөрдү өткөрүп келебиз.  Мамлекеттик тил маселесин талкуулап, аларды жоюунун багыттарын аныктап алуу үчүн уюштурулуп жаткан бүгүнкү тегерек стол ички иштер органдары, анын ичинде биздин окуу жай үчүн натыйжалуу болот деген ишеничтемин” – деген каалоо тилектерин айтты.

Тегерек столдун жүрүшүндө улуттук наркты сактоодо жана өнүктүрүүдө мамлекеттик тилдин ролу, ички иштер органдарындагы кесиптик коммуникацияда мамлекеттик тилди колдонуу, өнүктүрүү,  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жайылтуу, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын ченемдеринин аткарылышын камсыздоо маселелери талкууланып, аны чечүүдө  жооптуу кызматкерлердин, жетекчилик курамдын жана жалпы эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ролу тууралуу сөз болду.   

Тегерек столдун приоритеттүү максаттарынын бири – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын ченемдерин аткарылышын камсыздоонун зарыл чараларын жана ички иштер органдарындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо болуп саналат.

Тегерек столдун аягында катышуучулар тарабынан сунуштама иштелип чыкты.    

Ошондой эле конокторго ИИМдин Академиясынын музейине жана заманбап окуутуучу электрондук тирине экскурсия уюштурулду.