Бүгүн, 2023-жылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкерлери үчүн “Маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен каржылык активдерди уурдоо боюнча кылмыштардын бетин ачуу» темасындагы окуу курсу башталды.
КР ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Нурия Маматазизова, окуу курсун ачып жатып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, акыркы мезгилдерде IT технологияларды колдонуу менен көптөгөн кылмыштар жасалып, алардын жарандарга, укук тартибине ошондой эле өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыктан аларга каршы адекваттуу чараларды иштеп чыгуу учурдун талабы болуп турганын айтты.
Ал эми окуу курсуна катышып жаткан кызматкерлер, киберкылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө жана аларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чараларга багытталган көптөгөн керектүү маалыматтарга ээ боло алышат деген ишеничин билдирди.
«Бул окуу курсу кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биздин укук коргоо тармагындагы өнөктөштөрдүн билимин инвестициялоону гана эмес, башкаруунун бардык деңгээлдеринде талкууланган аны иш жүзүндө колдонуунун жолдорун издөөнү камтыйт», – деди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция кеңешчиси Константин Бедарев. Ошондой эле ал «Бул киберкоопсуздуктун жогорулашына жана глобалдык тармак аркылуу жасалган кылмыштуулуктун бетин ачууга салым кошот деп күтөбүз»-деп кошумчалады.
Ал эми, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча улуттук кеңешчиси Шамшыбек Мамыровдун айтымында, тренинг Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча билим жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт деди.
Белгилей кетсек, окуу курсу 2023-жылдын 22-сентябрына чейин уланат. Ага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөө кызматынын, КИББнын, БМЖКККнын, ЭММКАКнын, РОБдун 20 кызматкери катышууда.