“Динамо” спорттук комплексинде КР Ички иштер министрлигинин Кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн жана Европанын көп жолку чемпиону Александр Мелентьевдин элесине арналган ок атуу боюнча жалпы республикалык 3 күндүк чемпионат болуп өттү. Чемпионатка жалпы республика боюнча тандоодон өткөн, ички иштер кызматкерлеринен куралган 15 курама команда ат салышып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы ок атуу боюнча командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунга ээ болду.Жеке эсепте, винтовка атуу боюнча эркектер арасында ИИМдин Академиясынын аскердик, атайын тактикалык даярдык кафедрасынын начальниги милициянын полковниги А.Аблаев биринчи орунга, кыздар арасында милициянын сержанты Р.Чекирова үчүнчү орунга, Макаров пистолетин атуу боюнча аялдар арасында милициянын подполковниги С. Касымалиева үчүнчү орунга ээ болду.