ИИМдин Академиясында Энелер күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Салтанатка ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, кызматкерлер жана алардын ата-энелери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин “Кадырман эне”, “Кадырман ата” жана “Офицердин жубайы” медалдары ыйгарылып, сыйлыктар милиция кызматкерлеринин ата-энелерине жана жубайларына тапшырылды.

“Милиция кызматкеринин ата-энеси жана жубайы болуу – зор чыдамкайлыкты жана жоопкерчиликти талап кылат. Ошол эле учурда бул сыймыктуу жана ардактуу милдет. Сиздер милициянын тиреги, ишеними жана үмүтүсүздөр. Энелер күнүндө сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, ден соолук, бакубат жашоо жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!” – деди Академиянын башчысы Азамат Ногойбаев.

Ата-энелер жетекчиликке ыраазычылыктарын билдирип, кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине ийгилик каалашты.

