Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 2026-жылдын 30-апрелинде «Кыз-жигит сармерден» оюну өткөрүлдү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясынын курсант кыздары менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж. Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун талапкерлери арасында өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев иш-чараны ачып жатып, «Кыз-жигит сармерден» оюну достуктун, ынтымактын символу болгондугун баса белгиледи.


«Бул таймаш абалкы салтты азыркы күндө улап, элдик нарктуулук эрежелерин карманган, кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын билген нарктуу инсанды тарбиялоого чоң салымын кошот», — деди Азамат Ногойбаев.

Таймашка атайын бекитилген жобого ылайык: акындык айтыш, кыргыз элдик ырларын улуттук аспаптардын коштоосунда аткаруу, макал-лакап, табышмак, жаңылмач айтуу, акыйнек айтышуу жана кыргыз бийлерин бийлөө шарттары берилген. Эки команда тең бул шарттарды жогорку чеберчиликте аткарышып, калыстардын чечими менен кыздар жеңишке ээ болушту.
Иш-чаранын соңунда калыстар тобу иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.

Leave a Reply