2026-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында ыкчам кеңешме болуп өттү.
Ыкчам кеңешмеге Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана түзүм башчылары катышты.
Кеңешмеде 2026-жылдын алгачкы 3 айында аткарылган кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары талдоого алынды. Ошондой эле, 2026-2027-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу боюнча даярдык иштеринин жүрүшү, окуу процессинин сапатын көзөмөлдөө жана аны жогорулатуу маселелери каралды.