Академия Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, салык кызматынын органдары, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Куралдуу күчтөрү жана сот системасы үчүн жогорку билимдүү адистерди “Укук коргоо ишмердүүлүгү” жана “Юриспруденция” багыттары боюнча даярдоону жүзөгө ашырат.

КҮНДҮЗГҮ ОКУУ – БАКАЛАВРИАТ

Академия күндүзгү окуу формасында төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:

БагытыКвалификацияОкуу мөөнөтүОкуунун негизи
Укук коргоо ишмердүүлүгүБакалавр4 жылгранттык
ЮриспруденцияБакалавр4 жылконтракттык

Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына кабыл алуунун талаптары:

  1. 2026-жылдын 1-июлуна карата ИИОнун катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы 25 жашка чейинки адамдар бою 170 см кем эмес.
  2. 2026-жылдын 1-июлуна карата 17 жаштан 25 жашка чейинки курактагы, жалпы орто же кесиптик орто билими бар жарандар бою170 см кем эмес;

кыз-келиндер 25 жашка чейин бою165см кем эмес

өзгөчөлүк: спорт чеберине талапкерлерден төмөн эмес спорттук наамы барлар:

эркектер 168 см кем эмес;

кыз-келиндер 163 см кем эмес.

Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына тапшырып жаткан талапкерлердин өздүк иштерин ички иштер органдарынын кадрлар кызматынын кызматкерлери жүргүзүшөт.

Контракттык негизде күндүзгү окуу формасына тапшырып жаткан талапкерлердин окуу иштерин Академиянын кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшөт.

Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

– окууга тапшыруу жөнүндө арыз;

– өмүр баян – 2 нускада (колго жазма жана басма түрүндө);

– анкета;

– өмүр баяндык реферат (3 барактан кем эмес);

– окуусунан берилген мүнөздөмө же акыркы жумуш ордунан (кызматынан);

– 3 сунуштама кат (милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү тарабынан тастыкталып, мөөрү басылган);

– милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнөн маалым кат;

– кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлүнөн маалым кат;

– Кыргыз Республикасынын ИИМдин аскердик-дарыгердик комиссиясынын медициналык корутундусу;

– паспорттун көчүрмөсү (ID картанын алдыңкы жана арткы беттери);

– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

– фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өздүк маалыматтарына өзгөртүүлөр киргизилген болсо);

– 9×12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт (классикалык кийим менен, көк фондо түшүүсү);

– билими тууралуу документтин түп нускасы (жалпы орто билими тууралуу аттестат же кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом);

– аскердик каттоого коюу жөнүндөгү күбөлүктүн же аскердик билеттин түп нускасы (эркек жарандар үчүн);

– “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан жашаган жери тууралуу маалымат;

– “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан катталган жери жөнүндөгү маалымат.

Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү окуу формасына тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

– окууга тапшыруу жөнүндө арыз;

– өмүр баян;

– анкета;

–    окуусунан берилген мүнөздөмө же акыркы жумуш ордунан (кызматынан);

– № 086 формадагы медициналык маалым кат;

– паспорттун көчүрмөсү;

– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

– фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өздүк маалыматтарына өзгөртүүлөр киргизилген болсо);

– 9×12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт (классикалык кийим менен, көк фондо түшүү);

– билими тууралуу документтин түп нускасы (жалпы орто билими тууралуу аттестат же кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом);

– аскердик каттоого коюу жөнүндөгү күбөлүктүн же аскердик билеттин түп нускасы (эркек жарандар үчүн);

– “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан жашаган жери тууралуу маалымат;

– “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан катталган жери жөнүндөгү маалымат.

Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү окуу формасына тапшырып жаткан талапкерлердин окуу иштерин Академиянын кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшөт.

ОКУУГА ТАПШЫРУУ СЫНАКТАРЫ

Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына тапшырып жаткан талапкерлер дене тарбия даярдыгынан кошумча сынак тапшырышат. Кошумча сынактар 2026-жылдын 29-июнунан тартып 4-июлуна чейин өткөрүлөт.

Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына дене тарбия даярдыгынан кошумча сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлер, ошондой эле контракттык негизде күндүзгү окуу формасына өз убагында документтерди тапшырган талапкерлер Академияга кабыл алуу сынагына катышуу үчүн, электрондук өтүнмө-талонду автоматташтырылган маалыматтык системасына беришет.

Дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдер:

Эркектер үчүн

КөнүгүүлөрЧенөө бирдигиЖарандык жаштардын арасынан
  эң жакшыжакшыканааттан- дырарлык
Чыдамкайлыгы (3000 м чуркоо)минут/ секунд13.0013.3014.00
Күчү (турникке тартылуу)саны1197
Шамдагайлыгы (100 м чуркоо)секунд13.013.514.5

Кыз-келиндер үчүн

КөнүгүүлөрЧенөө бирдигиЖарандык жаштардын арасынан
  эң жакшыжакшыканааттан- дырарлык
Чыдамкайлыгы (1000м чуркоо)минут/ секунд4.304.455.10
Чалкасынан жатып денени көтөрүү күчү (буттары бекитилген)саны353025
Шамдагайлыгы (100 м чуркоо)секунд17.017.518.0

ОКУУГА КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ

Гранттык жана контракттык негизде күндүзгү окуу формасына талапкерлерди тандоо жана кабыл алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген мөөнөттө гранттык комиссия тарабынан АМС аркылуу ЖРТнин жарактуу жыйынтыгы менен өткөрүлөт.Маалымат үчүн телефондор: 0(312) 63-14-31, 0550 468-787 (w/a) 0705 529-881

Leave a Reply