ИИМдин Академиясынын командасы «Динамиада» мелдешинде 1-орунду камсыз кылды
Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата уюштурулган динамиада жыйынтыкталды
2025-жылдын 14-17-октябрь күнү “Динамо” спорт комплексинде Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата спорттун жети түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Мелдешке ички иштер органдарынын жети командасы катышып, спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча ордо, шахмат, армрестлинг, дартс, тогуз коргоол, стол тенниси жана жеңил атлетика боюнча күч сынашты.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов катышты.
Динамиаданын жыйынтыгы боюнча:
1-орунду ИИМдин Академиясынын командасы ээледи;
2-орунду ИИМдин Атайын багыттагы полку ээледи;
3-орунду ИИМдин Ички аскерлери ээледи.
Мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер жеке жетишкендиктери үчүн медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда жетекчилик катышуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы кесиптик ийгиликтерди каалады.
