2025-жылдын 26-сентябрында борбордун «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана жайылтуу, ошондой эле «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча Жарлыктарын ишке ашыруу максатында өзгөчө иш-чара болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын курсанттары салтанаттуу жүрүш менен чыгып, «Манас» айтып, ураан чакырышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков, ошондой эле ИИМдин Академиясынын өздүк курамы жана шаар тургундары катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимнинин аткарылышы менен ачылып, келген меймандар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Андан соң курсанттар жана студенттер белгилүү манасчы Нурбек Талантбеков баштаган калыстардын алдында «Манас» айтуу сынагын өткөрүштү. Ар бир курс өз өнөрүн көрсөтүп, ураандарды жаңыртышты. Сынактын жыйынтыгында мыктыларга сыйлыктар тапшырылды.

Маданий бөлүгүндө төкмө акындардын ырлары жана концерттик программа тартууланды.
Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн ички иштер министринин биринчи орун басары мындай деди:
«Бүгүн биз борбордун «Ала-Тоо» аянтында тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана улуттук духубуздун түпкү булагы болгон «Манас» эпосун угуп, анын ураан чакырыктарына күбө болуп отурабыз. Бул – жөн гана салтанат эмес, бул – улутубуздун биримдигин, мекенчилдик сезимин жана кыргыз элинин түбөлүктүүлүгүн даңазалаган чоң маани-маңызга ээ иш-чара.
«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын эске алып, бүгүнкү иш-чара ири масштабда курсант студенттердин катышуусунда өткөрүлүп жатат. Мындай иш-чаралар жаш муундарды руханий тарбиялоого жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоого, ири жана чакан эпостордун гуманисттик идеяларын кеңири пропагандалоого чоң салымын кошот деген ишеничтемин.
Кыргыз элинин руханий байлыгы – «Манас» эпосу, биздин мамлекеттик тил сыяктуу эле, улутубузду сактап калган түбөлүктүү казына болуп эсептелет. «Манастын» урааны – бул кыргыздын жүрөгүндөгү күч, мекенчилдикти, эрдикти жана ынтымакты даңазалаган чакырык».


Иш-чаранын соңунда эстафета Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-лейтенант К.Ү. Үсөнбеков атындагы Аскер институтуна өткөрүлүп берилди.
Бул күнү «Ала-Тоо» аянтында Манастын улуу сөзү жаңырып, борбор калаанын тургундары улуттук баалуулуктарды даңазалаган көркөм иш-чарага күбө болушту.


