Катчылык

улук инспектор Касымалиева С. О.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2001-жылдын  27-февралындагы №36 «КР ИИМдин Академиясынын түзүмүн жана штатын бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык, Катчылык жалпы бөлүм болуп кайрадан түзүлгөн. КР ИИМдин 2016-жылдын 17-июнундагы №588 буйругу менен Катчылык (топ укугунда) кайрадан негизделген.

Катчылык документтер менен иштөө тартибин камсыз кылат, жарандардын кайрылууларын өз убагында каралышын көзөмөдөйт, документтерди кабыл алууну уюштурат.

Катчылыктын ишмердүүлүгү жумушчулардын кызматтык милдеттеринин так чегинин жана алардын ар биринин участкалар тарабынан тапшырылган иштеринин абалына карата жеке жоопкерчилигин белгилөөнүн негизинде Академиянын башка бөлүктөрү менен тыгыз байланышта уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.

1969-жылы СССР ИИМдин МФАОМдун катчылыгынын биринчи начальниги болуп Орлова Феоктиста Николаевна дайындалган.

КР ИИМдин Академиясынын Катчылыгын төмөнкү жетекчилер башкарган:

А. Арзиева, Ж. Кадырмамбетова, Н. Османалиев.

Катчылык өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин, ИИМдин Академиясынын ченемдик укуктук актыларын жана Катчылык жөнүндө Жобону жетекчиликке алат

Катчылыктын негизги милдеттери:

  • Академиянын жетекчилигинин ишмердүүлүгүн, анын түзүмдүк  бөлүмдөрүнүн документтер менен камсыздоо;
  • Академиянын бөлүмдөрүнүн жашыруун жана жашыруун эмес иш жүргүзүүсүн уюштуруу-усулдук жетектөө жана аларга практикалык көмөк көрсөтүү;
  • Академиянын башчысынын жана анын орун басарларынын көрсөтмөлөрү боюнча документтердин өз убагында жана толук аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Академиядагы жарандардын сунуштарын, электрондук кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын өз убагында каралышын көзөмөл жүргүзүү;
  • Жарандардын кайрылууларына, документтер менен иштөөнү формасын жана ыкмасын жакшыртууга багытталган иш чараларды жүзөгө ашыруу жана иштеп чыгуу;

Академиядагы иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү боюнча иштерди усулдук жетектөө жана уюштуруу.