Академия Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, салык кызматынын органдары, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Куралдуу күчтөрү жана сот системасы үчүн жогорку билимдүү адистерди “Укук коргоо ишмердүүлүгү” жана “Юриспруденция” багыттары боюнча даярдоону жүзөгө ашырат.
КҮНДҮЗГҮ ОКУУ – БАКАЛАВРИАТ
Академия күндүзгү окуу формасында төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:
| Багыты | Квалификация | Окуу мөөнөтү | Окуунун негизи |
| Укук коргоо ишмердүүлүгү | Бакалавр | 4 жыл | гранттык |
| Юриспруденция | Бакалавр | 4 жыл | контракттык |
Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына кабыл алуунун талаптары:
- 2026-жылдын 1-июлуна карата ИИОнун катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы 25 жашка чейинки адамдар бою 170 см кем эмес.
- 2026-жылдын 1-июлуна карата 17 жаштан 25 жашка чейинки курактагы, жалпы орто же кесиптик орто билими бар жарандар бою170 см кем эмес;
кыз-келиндер 25 жашка чейин бою165см кем эмес
өзгөчөлүк: спорт чеберине талапкерлерден төмөн эмес спорттук наамы барлар:
эркектер 168 см кем эмес;
кыз-келиндер 163 см кем эмес.
Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына тапшырып жаткан талапкерлердин өздүк иштерин ички иштер органдарынын кадрлар кызматынын кызматкерлери жүргүзүшөт.
Контракттык негизде күндүзгү окуу формасына тапшырып жаткан талапкерлердин окуу иштерин Академиянын кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшөт.
Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
– окууга тапшыруу жөнүндө арыз;
– өмүр баян – 2 нускада (колго жазма жана басма түрүндө);
– анкета;
– өмүр баяндык реферат (3 барактан кем эмес);
– окуусунан берилген мүнөздөмө же акыркы жумуш ордунан (кызматынан);
– 3 сунуштама кат (милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү тарабынан тастыкталып, мөөрү басылган);
– милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнөн маалым кат;
– кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлүнөн маалым кат;
– Кыргыз Республикасынын ИИМдин аскердик-дарыгердик комиссиясынын медициналык корутундусу;
– паспорттун көчүрмөсү (ID картанын алдыңкы жана арткы беттери);
– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
– фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өздүк маалыматтарына өзгөртүүлөр киргизилген болсо);
– 9×12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт (классикалык кийим менен, көк фондо түшүүсү);
– билими тууралуу документтин түп нускасы (жалпы орто билими тууралуу аттестат же кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом);
– аскердик каттоого коюу жөнүндөгү күбөлүктүн же аскердик билеттин түп нускасы (эркек жарандар үчүн);
– “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан жашаган жери тууралуу маалымат;
– “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан катталган жери жөнүндөгү маалымат.
Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү окуу формасына тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
– окууга тапшыруу жөнүндө арыз;
– өмүр баян;
– анкета;
– окуусунан берилген мүнөздөмө же акыркы жумуш ордунан (кызматынан);
– № 086 формадагы медициналык маалым кат;
– паспорттун көчүрмөсү;
– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
– фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өздүк маалыматтарына өзгөртүүлөр киргизилген болсо);
– 9×12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт (классикалык кийим менен, көк фондо түшүү);
– билими тууралуу документтин түп нускасы (жалпы орто билими тууралуу аттестат же кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом);
– аскердик каттоого коюу жөнүндөгү күбөлүктүн же аскердик билеттин түп нускасы (эркек жарандар үчүн);
– “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан жашаган жери тууралуу маалымат;
– “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан катталган жери жөнүндөгү маалымат.
Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү окуу формасына тапшырып жаткан талапкерлердин окуу иштерин Академиянын кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшөт.
ОКУУГА ТАПШЫРУУ СЫНАКТАРЫ
Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына тапшырып жаткан талапкерлер дене тарбия даярдыгынан кошумча сынак тапшырышат. Кошумча сынактар 2026-жылдын 29-июнунан тартып 4-июлуна чейин өткөрүлөт.
Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына дене тарбия даярдыгынан кошумча сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлер, ошондой эле контракттык негизде күндүзгү окуу формасына өз убагында документтерди тапшырган талапкерлер Академияга кабыл алуу сынагына катышуу үчүн, электрондук өтүнмө-талонду автоматташтырылган маалыматтык системасына беришет.
Дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдер:
Эркектер үчүн
| Көнүгүүлөр | Ченөө бирдиги | Жарандык жаштардын арасынан | ||
| эң жакшы | жакшы | канааттан- дырарлык | ||
| Чыдамкайлыгы (3000 м чуркоо) | минут/ секунд | 13.00 | 13.30 | 14.00 |
| Күчү (турникке тартылуу) | саны | 11 | 9 | 7 |
| Шамдагайлыгы (100 м чуркоо) | секунд | 13.0 | 13.5 | 14.5 |
Кыз-келиндер үчүн
| Көнүгүүлөр | Ченөө бирдиги | Жарандык жаштардын арасынан | ||
| эң жакшы | жакшы | канааттан- дырарлык | ||
| Чыдамкайлыгы (1000м чуркоо) | минут/ секунд | 4.30 | 4.45 | 5.10 |
| Чалкасынан жатып денени көтөрүү күчү (буттары бекитилген) | саны | 35 | 30 | 25 |
| Шамдагайлыгы (100 м чуркоо) | секунд | 17.0 | 17.5 | 18.0 |
ОКУУГА КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ
Гранттык жана контракттык негизде күндүзгү окуу формасына талапкерлерди тандоо жана кабыл алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген мөөнөттө гранттык комиссия тарабынан АМС аркылуу ЖРТнин жарактуу жыйынтыгы менен өткөрүлөт.
Маалымат үчүн телефондор: 0(312) 63-14-31, 0550 468-787 (w/a) 0705 529-881
ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫН
КОЛДОНУУ МЕНЕН СЫРТТАН ОКУУ – БАКАЛАВРИАТ
22. Академия сырттан окуу формасында төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:
| Багыты | Квалификация | Окуу мөөнөтү | Окуунун негизи |
| Юриспруденция жогорку юридикалык эмес билимдин базасында | Бакалавр | 2,5 жыл | контракттык |
| Юриспруденция кесиптик орто юридикалык билим берүүнүн базасында | Бакалавр | 3,5 жыл | контракттык |
- Окутуунун мөөнөттөрү жана шарттары:
| Окутуунун мөөнөтү | Окуунун негизи | Категориялар |
| 2,5 жыл юридикалык эмес жогорку билим базасында | контракттык | Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, салык кызматынын органдарынын, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери жана эркин жалданма кызматкерлери, ошондой эле сот системасынын кызматкерлери жана кызматчылары (бир жылдан кем эмес эмгек стажы болуусу шарт) |
| 3,5 жыл кесиптик орто юридикалык билим базасында | контракттык | Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, салык кызматынын органдарынын, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери жана эркин жалданма кызматкерлери, ошондой эле сот системасынын кызматкерлери жана кызматчылары (бир жылдан кем эмес эмгек стажы болуусу шарт) |
- Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасы боюнча контракттык негизде окууга тапшыруу үчүн тандалган талапкерлердин өздүк иши төмөнкүлөрдөн турат:
– жетекчинин визасы менен билдирме (арыз);
– анкета;
– окууга жөнөтүлгөндүгү жөнүндө тыянагы менен жумуш ордунан кызматтык мүнөздөмө;
– №086 формадагы медициналык маалым кат (контракттык негизде тапшырып жаткан талапкерлер үчүн);
– билими тууралуу документтин түп нускасы (орто билими тууралуу аттестат, атайын орто кесиптик окуу жайын же жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом);
-комплекттөөчү органдын кадрлар аппаратынын кызматкеринин колу жана мөөрү менен тастыкталган 9×12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3×4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
– соттолбогондугу жөнүндө маалым кат (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринен тышкары), салык кызматынын органынан, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан, Куралдуу күчтөрүнөн жана сот системасынан келген талапкерлерге.
- Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасына тапшырып жаткан талапкерлерге кирүү сыноолору 2026-жылдын 6-июлунан тартып 18-июлуна чейин өткөрүлөт.
- Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасына окууга тапшырып жаткан талапкерлер Академиядан Кыргызстан тарыхы, кыргыз (орус) тили жана адабияты сабактары боюнча тестирлөөдөн өтүшөт.
- Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасына кабыл алуу талапкерлердин кирүү сыноолорунун жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.
Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасына кирүү сыноолорунан өтпөй калган учурда, талапкерлер комплекттөөчү органдарына жиберилет жана окуу иши кайтарылат, зарыл болгон учурда аларга кошумча сынактарга катышкандыгын тастыктоочу маалым кат берилет.
Маалымат үчүн телефондор: 0707 25 82 08, 0705 102 174, 0551 24 24 50, 0705 77 25 25
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын магистратурасы
Академиянын магистратурасына кабыл алууну уюштуруу жана өткөрүү Академиянын башчысынын буйругу менен түзүлгөн кабыл алуу комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.
Академиянын магистратурасында окууга талапкерлердин документтери 2026-жылдын 1-сентябрына чейин кабыл алынат.
Магистратурага окууга кирүүдө талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышат:
- тиешелүү түзүмдүк бөлүктүн жетекчиси менен макулдашылган билдирме же Академиянын башчысынын атына магистратурага кабыл алуу жөнүндө арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
- өмүр баян;
- дипломдун көчүрмөсү (бакалавр);
- 086-У формасындагы медициналык маалым кат;
- 3×4 өлчөмүндөгү 4 даана фотосүрөт;
- окуу ишин (делосун) түзүү үчүн конверт менен көктөмө (скоросшиватель);
күндүзгү окуу формасына кирген талапкерлер үчүн соттолбогондугу тууралуу маалым кат.
Маалымат үчүн телефондор: 0707 25 82 08, 0705 102 174, 0551 24 24 50, 0705 77 25 25