Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында ИИМдин Академиясынын курсанттарына “Жети дубан биримдиги” темасында Тарбия иштери бөлүмү тарабынан конок лекция уюштурулду. Лекцияны И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин улук окутуучусу Субанбекова Айгүл Мидиновна өткөрүп, курсанттарга трайбализм түшүнүгү жана маңызы, кыргыз коомундагы трайбализмдин сакталуусунун себептери, уруучулук түшүнүгү, тарыхий процесстин жүрүшүндө уруучулуктун оң жана терс таасирлери тууралуу кенен мааламат берилди. Иш-чаранын аягында лекция суроо-жооп форматына өтүп, курсанттар трайбализмсиз коом кандай болоорун, кыргыз эли үчүн анын тийгизген таасири тууралуу ойлорун ортого салышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *