Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин  ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Манас” эпосун изилдөө ошондой эле жайылтуу боюнча Концепциясынын талаптарын  ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк “Гиннесстин рекорддор китебине” катталган рекордчу, акын жана манасчы Рысбай Исаков менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери катышып, кызыктырган суроолоруна жооп алып, көөнөргүс байлыгыбыз “Манас” эпосу жана манасчылык өнөр тууралуу маалыматтарды манасчынын өз оозунан уга алышты.

Ал эми, Рысбай Исаков кантип манасчы болуп калганын, кандай сынактардан өткөнүн жана “Гиннесстин рекорддор китебине” катталууга жасаган аракетинин максатын, андагы жоопкерчиликти, талаптарын айтып берди. Ошондой эле студенттердин жана курсанттардын суроолору боюнча “Манас” эпосунан үзүндү дагы айтып өттү. Жолугушуунун соңунда Тилге даярдык кафедрасынын башчысы милициянын майору Каниет Шүкүров: “Канчалаган жылдардан бери ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана студенттерине улуттук мурасыбыз “Манас” эпосунунун баалуулугун айтып, жаш муундун жан дүйнөсүн, акыл казынасын байытууга кошуп

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *