31-мартта Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары дем алыш күндөрүн пайдалуу жана көңүлдүү өткөрүү максатында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына барып, Джуеппе Вердинин “Трубадур” операсын көрүп келишти.

”Трубадур” сюжети 1836-жылы Мадридде ийгиликтүү коюлган испан драматургу А.Г.Гутьеррестин ушул эле аталыштагы пьесасынан алынган, курч карама-каршылыктардын, катуу кагылышуулардын, күчтүү, романтикалык бийик сезимдердин драмасы.

Маданий иш-чарага катышуу ИИМдин Академиясынын уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү тарабынан уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *