Бүгүн, келе жаткан 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери, кызматкерлери Красная речка айылында жайгашкан Атайын билим берүү мектеп интернатына жана Беловодск айылындагы балдардын психо-неврологиялык үй-интернатына барышып, кийим-кечек, тамак-аш, жуунуучу каражаттарды тартуулашып, жардам көрсөтүштү.

ИИМдин Академиясында Беловодск айылында жайгашкан психоневрологиялык үй-интернатынын тарбиялануучуларынын колу менен жасалган ар түрдүү боюмдардын ярмаркасы да уюштурулду.

Окуу жайдын кызматкерлери, келген коноктор, курсант, студенттер жаш өспүрүмдөрдүн кол өнөрчүлүгүнөн жаралган буюмдардан сатып алып, жардам көрсөтүштү. Аз да болсо кубаныч тартуулаган Академиянын өздүк курамына мекемелердин жамааты жана кичинекей достор ыраазычылыктарын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *