28-ноябрдан баштап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Квалификациясын жогорулатуу борборунда ИИОнун начальниктеринин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарларын окутуунун үчүнчү этабы башталды. Бекитилген ырааттамага ылайык күн сайын кылмыш-жаза укугу, кылмыш-жаза процессуалдык укугу, иш кагаздарын жүргүзүү, атайын тактикалык даярдык, психология, заманбап маалымат технологиялардын негиздери жана VPN, финансылык кылыштарды иликтөө боюнча жана саптык даярдык боюнча сабактар өтүлмөкчү.