Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында  Нооруз майрамына арналган спорттук иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз элинин руханий бааалулуктарын сактоо, улуттук оюндарды жайылтуу, сергек жашоого үндөө, кызматкерлер арасында ынтымакты, биримдикти чыңдоо жана патриоттуулукка үндөө максатында уюштурулган.

Спорттук иш-чарага ИИМдин Академиясынын өздүк курамынан түзүлгөн төрт команда катышкан. Алар спорттун улуттук түрлөрү болгон аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш жана ордо боюнча ат салышып, жыйынтыгында жалпы эсепте ИИМдин Академиясынын окутуучулар курамынын “Алга” командасы байгелүү биринчи орунга ээ болду.

Андан тышкары, Нооруз майрамына карата сүмөлөк бышырылып, өздүк курамга таратылды.    

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *