Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандан руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, социалисттик эмгектин баатыры, коомдук ишмер Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү.

1-2-курстун курсанттарына Коомдук-саясий сабактар кафедрасынын окутуучусу милициянын улук лейтенанты Медет Алымбеков Корчубек Акназаровдун ишмердүүлүгү, өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүшүнө жана тамак-аш коопсуздугуна кошкон зор салымы, өрнөктүү жашаган өмүр жолу тууралуу маалымат берди. Андан соң, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ага окутуучусу А. Субанбекова К. Акназаровдун “Өмүрдөгү ак жол” аттуу китеби тууралуу айтып берип, курсанттардын суроолоруна жооп берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *