Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын өздүк курамына кызматтык-атайын даярдык сабагында укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча сабак өткөрүлдү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/02/421937601_18019234169042063_2521241250722791951_n.jpg)
Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы тарабынан:
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы;
2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын Консепциясы;
2022-2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын улуттук планы тууралуу презентациялар даярдалып, өздүк курамга көрсөтүлдү. Өткөрүлгөн сабактар боюнча профессордук-окутуучулар курамынан зачет алуу графиги түзүлүп, бекитилилди.