2022-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын окуу планына ылайык, ИИМдин Ички аскерлеринин талаа окуу борборунда Аскердик жана атайын тактикалык даярдык кафедрасы 2-курстун курсанттарына Калашников автоматынан күжүрмөн ок атуу боюнча практикалык машыгууларды өткөрдү. Аталган иш-чара курсанттардын аскерге даярдыгын жана таамай атуу жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү максатында уюштурулган. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин АБПнын Атайын операциялар отрядынын жоокерлери курсанттарга имараттын ичинде куралдуу кылмышкерди кармоо тактикасы боюнча практикалык сабак өткөрүп, ИИОнун карамагындагы ок атуучу куралдардын түрлөрү жөнүндө маалымат беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *