14-ноябрда ИИМдин Академиясынын 2-курсунун 23-взводунун курсанттары, вздоддун командири менен бирге кыргыздын даңазалуу мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун үй-музейине барып келишти.

Курсанттар, музейде улуу инсандын өмүр жолун чагылдырган баалуу маалыматтар, архивдик материалдар, колдонгон буюмдары жана эмеректери, ошондой эле Исхак Раззаков мамлекетти башкарып турган учурда ишке ашырылган Чоң Чүй каналынын курулушу өңдүү ири долбоорлорго байланышкан уникалдуу фото-материалдар менен таанышып жана мамлекеттик ишмердин өзү жазган күндөлүгүн да көрө алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *