Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясында заманбап окутуучу электрондук тиринин ачылыш аземи болуп өттү.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов жана ИИМдин Академиясынын жетекчилиги катышты.

Ок атуу тири ок атууну үйрөтүү боюнча практикалык окуу үчүн арналган жана ок атууну имитациялоо жана анын натыйжаларын көзөмөлдөө үчүн техникалык каражаттардын жана нукура куралдардын жыйылган моделдеринин жыйындысын үгүтөөгө багытталган.


Мындан тышкары, электрондук тир курсанттарга жана угуучуларга куралды туура колдонуу, чектелген жана чексиз убакытта ар кандай позицияларда ок атуу, ошондой эле ок атуунун уюштуруучулук-укуктук аспектилерин, ок атуунун теориялык негиздерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет жана аткыч куралдардын материалдык бөлүгү, атуу ыкмалары жана эрежелерине үйрөтөт.
Окутуучу электрондук тир Түркия Республикасынын ички иштер министрлигинин Жандармерия жана жээк күзөтү академиясынын көмөгү менен түзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *