ИИМдин Академиясынын кызматкерлери окуучуларга кесипти туура тандоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы орто мектептердин, кесиптик лицейлердин бүтүрүүчү классынын окуучулары арасында кесиптик багыт берүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү, багыттоо иштери жүргүзүлдү. Окуучуларга Академиянын турмушу, андагы курсанттардын күнүмдүк жашоосу, билим алуусунун жолдору, түзүлгөн шарттары боюнча водеороликтер көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына күндүзгү окуу формасынын бюджеттик жана контрактык негизинде билим алууга тапшыруу шарттары түшүндүрүлүп, жогорку юридикалык билимге ээ деген мамлекеттик стандарттагы диплом андан тышкары, бюджеттик негизде билим алган курсанттар милдеттүү түрдө жумуш менен камсыз болоору баса белгиленүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *