Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары чөп үстүндөгү хоккей боюнча Борбордук Азиянын чемпионатына катышуу үчүн Ташкент шаарына барышты.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/02/0d5d9e24-0f41-4f1e-b968-d4f6f25c8851.jpg)
Чемпионатта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан, Оман мамлекеттеринин курама командалары менен беттешет.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/02/a7da683b-7d52-4797-96f9-464a0bffce5b-768x1024.jpg)
Биринчи оюн Бишкек сааты боюнча 15:30 дө Кыргызстан-Өзбекстандын спортчуларынын беттеши менен башталат.
Кыргызстандын атынан барган ИИМдин Академиясынын курсанттарына ийгиликтерди каалайбыз!