Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 5-июнь күнү сапка тизилүү болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт боюнча Департаментинин алдындагы спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” Дирекциясынын “Кыргыз Республикасынын калкынын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптарды ийгиликтүү тапшырган ИИМдин Академиясынын кызматкерлерине жана курсанттарына “Ден соолук” төш белгилери тапшырылды. Андан соң 17-майдан 20-майга чейин, КРнын Куралдуу Күчтөр күнүнө арналган Аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатына катышып, жеңишке жетишкен курсанттарга,  Бишкекте өткөн Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган “Алыш” күрөшү боюнча Эл аралык “Гран-При” турнирине катышып, 2-орунду жеңген  2-курстун курсанты Дастан кызы Айгизге, Казахстанда болгон  бел боо күрөшү боюнча Эл аралык турнирге катышып байгелүү орунду ээлеген 4-курсутун курсанты Кайыпбердиев Нурканатка медаль, дипломдор тапшырылды.  

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *