Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштер боюнча бөлүмчөсү тарабынан 20-21-март күндөрү Нооруз майрамына карата окуу жайдын күндүзгү билим берүү факультеттеринин 1-курсунун курсанттарына жана студенттерине майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты өсүп келе жаткан муунду адеп ахлакка тарбиялоо, улуттук баалуулуктарды урматтоого, мекенди сүйүүгө багытталды.
Андан студенттер менен курсанттар Нооруз качан, кантип майрамдалып калганы, сүмөлөктүн тарыхы, ал тууралуу кызыктуу баяндарды экрандан көрүп, биле алышты.
Ошондой эле кыргыз элинин чыгаан уулу, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков тууралуу тартылган көркөм тасмага күбө болушту.