2026-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясында салтанаттуу иш-чара өттү. Анда көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 2 кызматкер ардактуу эс алууга узатылды.

Иш-чарада Академиянын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, ардагерлердин мекенге жана элге кылган кызматына жогору баа берди. Ал өз сөзүндө алардын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана ак ниет эмгеги жаш кызматкерлер үчүн үлгү экенин белгиледи. Ошондой эле, ал ардагерлерге терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Ардагерлер өз кезегинде эмгек жолун эскерип, жаш муундарга ак батасын беришти.
Ардактуу эс алууга узатылган кызматкерлер:
🔹 милициянын полковниги Бекмуратов Акылбек Аттокурович
🔹 милициянын полковниги Шакиров Жеңишбек Шакирович

Иш-чаранын алкагында эл аралык жана республикалык деңгээлде жогорку жыйынтыктарды көрсөткөн курсанттар жана студенттер сыйланды.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Универсиадасы I лига Волейбол мелдеши боюнча байгелүү орундарды ээлегендиги үчүн курсанттар жана студенттер диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Мындан тышкары, жаштар саясатынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жана “Борбор Азиянын мыкты студенти” аталышындагы эл аралык конкурста жеңүүчү болгон Альфия Мусаева I даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды.

Leave a Reply