2025-жылдын 24-сентябрында ИИМдин Академиясынын административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын курамында иштеп жаткан ювеналдык юстиция борборуна ИИМдин Академиясынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Ешенкул Усубалиевдин ысымын ыйгаруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, милициянын ардагерлери, Ешенкул Усубалиевдин туугандары жана ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучу курамы катышты.

Иш-чарада ички иштер министри Улан Ниязбеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Өз сөзүндө, ал бул чечимдин өзгөчө маанисин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Ешенкул Усубалиевичтин ысымы-кызматтык милдетти так аткаруунун, терең билимдин жана мекенге чын дилден кызмат өтөөнүн символу болуп саналат. Анын ысмын ушундай заманбап жана коом үчүн зарыл долбоорго ыйгаруу – мурасты улантуунун жана жаңы муундар үчүн жогорку үлгү көрсөтүүнүн чыныгы белгиси».

Министр ювеналдык юстиция борборунун милдети – балдар менен жаштардын укук бузуу жана кылмышка катышуусун алдын алууда натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу жана аларды коомго кайра интеграциялоо экендигин билдирди.

Андан соң, милициянын генералдары дагы сөз сүйлөшүп, Ешенкул Усубалиевдин республикадагы укук коргоо тутумунун өнүгүүсүнө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымын кошконун белгилешти.

Милициянын полковниги Ешенкул Усубалиев атындагы ювеналдык юстиция борбору балдардын укуктарын коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоону, илимий жана практикалык тажрыйбаларды жайылтууну жана натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгууну көздөйт. Ошондой эле борбордун ишмердүүлүгү балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамилеге каршы алдын алуу чараларын иштеп чыгууга, ошондой эле ИИМдин кызматкерлеринин ювеналдык юстиция боюнча квалификациясын жогорулатууга багытталган.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply