2025-жылдын 18–сентябрында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында «Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын-алууда жана каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы тарабынан уюштурулду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, КМШга мүчө мамлекеттердин ИИМдин жогорку окуу жайларынын башчылары, мамлекеттик органдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, окумуштуулар жана эксперттер, ошондой эле ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Конференцияда үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери жана түрлөрү, мыйзамдардын иш жүзүндө колдонулушу жана укуктук практикадагы көйгөйлөр каралды.
Катышуучулар укук коргоо органдарынын жарандардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоодогу ролуна, мамлекеттик органдардын өз ара байланышына, жабыркагандарга психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүү механизмдерине өзгөчө көңүл бурушту.
Конференциянын жүрүшүндө укук коргоо органдары менен социалдык кызматтардын ийгиликтүү тажрыйбалары жана инновациялык иш-ыкмалары сунушталып, эл аралык стандарттын негизинде сунуштар берилди.



ИИМдин Басма сөз кызматы