2025-жылдын 18-сентябрында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ИИМдин (полиция) жогорку окуу жайларынын Ассоциациясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Иш-чаранын уюштуруучусу катары – милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы болду.
Жыйында КМШга мүчө мамлекеттердин ИИМдин (полиция) жогорку окуу жайларынын делегациялары катышты: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Беларусь Республикасынын ИИМдин Могилёв институтунун башчысы Роман Романчук, Беларусь Республикасынын ИИМдин Академиясынын убактылуу милдетин аткаруучу Алексей Башан, Казакстан Республикасынын ИИМдин Башкаруу академиясынын башчысы Ораз Жолдасов, Казакстан Республикасынын ИИМдин Алматы академиясынын башчысы Калижан Кобландин, Россия Федерациясынын ИИМдин Башкаруу академиясынын илимий-изилдөө борборунун башчысынын орун басары Андрей Ситковский, Өзбекстан Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары Нажмиддин Тураходжаев, Тажикстан Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы Насуриён Пулот.
Жыйын «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу аземи менен ачылып, Кыргызстандагы көрүнүктүү инсандардын элесине таазим берилди. Андан соң иш-чара резиденциянын аянтчасында улантылды.
Талкуунун негизги маселеси ички иштер органдары үчүн адистерди даярдоонун заманбап ыкмалары болду. Катышуучулар билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүү, окуу программаларын учурдагы чакырыктарга ылайыкташтыруу жана полиция кызматкерлеринин кесиптик билим берүү чөйрөсүндө эл аралык тажрыйба алмашууга көңүл бурушту.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар билим берүү жана илимий чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүнүн жана КМШга катышкан мамлекеттердин ИИМдин (полиция) билим берүү уюмдарынын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
ИИМдин Басма сөз кызматы
