Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 11-июлундагы “2025–2026-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алуу графиктерин бекитүү жөнүндө” буйругуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына 2025–2026-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо турлары жана кабыл алууну өткөрүү графиктери тиркемеге ылайык бекитилди.

