Сырттан окуу формасына Кыргыз Республикасынын ички иштер, салык кызматы органдарынын, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өзгөчө кырдалдаар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Куралдуу Күчтөрүнүн кызматкерлери жана эркин жалданма кызматкерлери, ошондой эле сот системасынын кызматкерлери жана кызматчылары тапшыра алат.
Жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлердин эмгек стажы бир жылдан кем эмес болуусу шарт.
Окунун мөөнөтү:
- жалпы орто билим берүү базасында 5 жылдык окутуу (гранттык жана акы төлөнүүчү негизинде ЖРТнын жарактуу сертификаты болсо). Гранттык негизде окутууга ички иштер органдарынын аттестацияланган кызматкерлери гана кабыл алынат;
- акы төлөнүүчү негизинде кесиптик орто юридикалык билим берүүнүн базасында 3,5 жыл окутуу.
- акы төлөнүүчү негизинде жогорку юридикалык эмес билимдин баасында 2,5 жыл окутуу.
Гранттык негизде сырттан окуу формасына 5 жылдык мөөнөттөгү окууга тапшырып жаткан талапкерлер, дене тарбия даярдыгынан кошумча сынак жана ЖРТнын жарактуу тастыктамасын тапшырышат.
Акы төлөнүүчү негизинде 2,5 жана 3,5 жылдык мөөнөттөгү окууга тапшырып жаткан талапкерлер Академиядан Кыргызстандын тарыхы, кыргыз (орус) тили жана адабияты сабактары боюнча тестирлөөдөн өтүшөт.
Керектүү документтер: - жетекчисинин визасы менен билдирме (арыз);
- анкета;
- окууга жөнөтүлгөндүгү жөнүндө тыянагы менен жумуш ордунан кызматтык мунөздөмө;
- аскердик – дарыгердик комиссиясынын корутундусу (гранттык негизде 5 жылдык мөөнөттөгү окууга тапшырган кызматкерлер үчүн);
- №086 медициналык маалым кат (акы төлөөнүчү негизинде тапшырып жаткан талапкерлер үчүн);
- билими тууралуу документтин түп нускасы (орто билими тууралуу аттестат, атайын орто кесиптик окуу жайын же жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом);
- комплекттөөчү органдын кадрлар аппаратынын кызматкеринин колу жана мөөрү менен тастыкталган 9х12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
- соттолбогондугу жөнүндө маалым кат (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринен тышкары), салык кызматынын органынын, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Куралдуу Күчтөрүнөн жана сот системасынан келген талапкерлерге.
Талапкерлердин окуу иштери 2025-жылдын 5-июлуна чейин кабыл алынат.
Акы төлөөсү 1 жылга – 31500 сом ( отуз бир миң беш жүз сом).
Байланыш телефондору: : 0705 102147, 0995858557, 0705808877,0705772525, 0705102119, 0312 631738.