2025-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында 1995-жылы окуу жайды аяктаган алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн 30 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жолугушуу уюштурулду.
Иш-чарага мурдагы ИИМдин Бишкек жогорку мектебине 1991-жылы кабыл алынып, 1995-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ардактуу коноктор курсанттар менен баарлашып, жаш адистерге багыт берүүчү акыл-насааттарын айтышты.
ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев маараке менен куттуктап, алардын мекенге кызмат кылуу жолундагы кесиптик салымын жогору баалады.
Иш-чара алкагында бүтүрүүчүлөр Академияга белектерин тапшырышып, 4-курстун курсанттарына сыйлуу түшкү тамак уюштурушту. Символикалык мааниде бүтүрүүчү курсанттарга полковник наамындагы погондорду тапшырып, “келечекте полковник болгула” деген тилектерин айтышты.
Мындан сырткары, кызмат өтөө учурунда көз жумган кесиптештерин эскерип, куран окутушту.
Андан соң катышуучулар Академиянын аймагын жана музейин кыдырып, студенттик жылдарды эскеришти. Жолугушуу муундар ортосундагы тарбиялык жана руханий байланышты бекемдеген маанилүү учурга айланды