КОШУМЧА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ФАКУЛЬТЕТИ

Факультет, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.

            Факультет кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууга катышат жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин КББ менен макулдугуна ылайык укук коргоо органдарынын кадр кызматтарынын багыттары боюнча төмөнкү категориялар боюнча окутат:

  • повышение квалификации сотрудников правоохранительных органов;
  • специальная первоначальная профессиональная подготовка лиц, впервые поступающих на службу в правоохранительные органы 
  • повышение квалификации сотрудников силовых структур;
  • переподготовка лиц, при передвижении на вышестоящую должность;
  • переподготовка сотрудников правоохранительных органов при передвижении в другую службу.
  • укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
  • укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан адамдарды алгачкы атайын кесиптик даярдоо;
  • күч структураларынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстары;
  • жогору турган кызмат орундарына жылыштырууда адамдарды кайра даярдоо;
  • башка кызматка жылыштырууда укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кайра даярдоо.

Факультеттин ишинин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:

  • укук коргоо органдарынын адистерге болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
  • азыркы шарттарда укук коргоо органдарынын ишине коюлган талаптардын деңгээлинде кесиптик сабаттуу кызматкерлерди даярдоо;
  • укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерге, жөндөмдөргө жана көндүмдөргө ээ болуусу үчүн шарттарды түзүү;
  • жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту коргоого жөндөмдүү угуучуларды укуктук, адеп-ахлактык жана физикалык жактан тарбиялоо, алардын моралдык жана кесиптик сапаттарын калыптандыруу;
  • укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү актуалдуу маселелери боюнча илимий изилдөөлөргө катышуу;
  • кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик билимдерин натыйжалуу тереңдетүүнү жана жаңылоону камсыз  кылуу.

Факультеттин түзүмү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталат. 2015-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын факультетин төмөндөгү башчылар ээлеп келген милициянын полковниги Ногойбаева Аида Алмазбековна, милициянын полковниги Абдымомунова Назира Абдымомунова, ю.и.к. милициянын полковниги Асаналиева Альбина Асановна,  милициянын полковниги Таштан уулу Нурлан жана милициянын полковниги Эшимов Жанар Дүйшөнович.

Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын    Кошумча кесиптик билим берүү факультетинин башчысы милициянын полковниги Усупов Чолпонбек Картайганович. Факультет иштеген мезгилден тартып көптөгөн ИИОнун жетектөөчү кадрлары жана ИИОнун ар тармактагы кызматтарынын кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүштү, сот аткаруучулар жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн квалификациясын жогорулатышты.