Коомдук-саясий сабактар кафедрасы 1969-жылдын 19-майында Фрунзедеги милициянын атайын орто мектебинин түзүлүшү менен бир убакта түзүлгөн. 1991-жылы Фрунзедеги милициянын атайын орто мектеби Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жогорку мектебине, ал эми коомдук-саясий илимдер цикли коомдук-саясий сабактар кафедрасына өзгөртүлгөн.
Кафедраны ар кайсы мезгилде Панкратова Светлана Александровна, Сманов Марс Бейсембиевич, Бөрүбашев Бекбосун Ишимбекович, Айдаркул Каана жетектеген. 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кафедраны юридика илимдеринин доктору, милициянын полковниги Кадырова Чолпон Айзабековна жетектеп келет.
Окуу процессин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 16- августундагы “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын штаттарындагы уюштуруучулук-штаттык өзгөрүүлөр жөнүндө” №579-буйругу менен кафедрага “Юридикалык психология” сабагы кошулуп, ага байланыштуу кафедра коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.
Кафедранын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– профессордук-окутуучулук курамдын окуу-усулдук ишмердигин өркүндөтүү;
– окуучулардын инсандык чыгармачыл дараметин жана алардын мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү максатында кафедранын тармагына ылайык окутуу технологиясын өркүндөтүү;
– профессордук-окутуучулук курамдын, илимий-педагогикалык кызматкерлер менен окуучулардын биргелешкен чыгармачылык ишмердиги аркылуу фундаменталдык, колдонмо илимдерди өнүктүрүү, алынган натыйжаларды окуу процессинде пайдалануу;
– окуучуларды, ошондой эле кафедранын тармагы боюнча жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды алгачкы даярдоо, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Академиянын ишмердигине катышуу;
– кафедранын тармагы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий колдонмолорду даярдоо;
– адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоо жана көбөйтүү жана аларды окуучуларга жайылтуу;
– жалпы билим берүү мекемелеринде окучуулардын арасында кесиптик багыт берүү иштерин өткөрүү;
– окуучулардын арасында тарбия иштерин жүргүзүү.
Учурда коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасында төмөнкү дисциплиналар боюнча сабактар өтүүдө:
• «Кыргызстандын тарыхы»;
• «Кыргызстандын географиясы»;
• «Философия»;
• «Юридикалык логика»;
• «Саясат таануу»;
• «Экономикалык теория»;
• «Маданият таануу»;
• «Саясий жана укуктук окуулардын тарыхы»;
• «Азыркы учурдагы табият таануу концепциялары»;
• «Экология»;
• «Информатика жана математика»;
• «Кесиптик этика»;
• «Көп этникалуу коомчулуктагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү»;
• «Юристтин ишмердүүлүгүндөгү маалыматтык технолгиялар»;
• «Укуктун философиясы»;
• «Укуктун тарыхы жана философиясы»;
• «Информатика»;
• «ИИОдогу лидерлик»;
• «Мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик этикасы»;
• «Дин таануу»;
• «Коррупцияга каршы күрөштүн негиздери»;
• «Юридикалык психология»;
• «Башкаруунун психологиясы».
Кафедранын профессордук-окутуучу курамы «Эрудит» илимий ийриминин ишин үч багыт боюнча жетектейт:
- «Кыргызстан: тарых жана азыркы заман»;
- «Философия жана азыркы заман»;
- «Саясат».
Патриоттук тарбиялоо максатында коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасы жыл сайын курсанттар менен студенттердин Мамлекеттик тарых музейине, М.В. Фрунзе, Чынгыз Айтматовдун үй-музейине, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине баруусун уюштуруп келет.
Кафедранын окутуучулары ар кандай эл аралык, республикалык, ЖОЖдор аралык илимий-теориялык, илимий-практикалык конференцияларга, семинарларга жана тренингдерге катышып, өзгөчө практика менен байланышты чыңдоо боюнча региондордо тренингдерди жана сабактарды өткөрүү иштерин алып барышат.
Кафедра жигердүү илимий-методикалык иштерди жүргүзүп келет.