
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы «Кыргыз Республикасынын ИИМнин генерал-майор милиция Алиев Э.А. атындагы Академиясынын Жобосун бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде Академиянын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультети түзүлгөн. Факультет түзүлгөндөн бери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана профессордук-окутуучулар курамын илимий жактан квалификациясын жогорулатууга багытталган негизги түзүмдүк бөлүм болуп саналат.
Факультетти ар кыл мезгилдерде төмөнкү жетекчилер жетектешкен:
Табалдиева Венера Шаршенбековна (2000–2001 жж.);
Омырзакова Бурулкан Жунусовна (2002–2011 жж.);
Адилов Айбек Насырович (2011–2025 жж.)
Азыркы учурда факультетти юридика илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги Адамбекова Айлен Доктурбековна жетектейт. Ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында 2008-жылдан бери кызмат өтөйт. 2011-жылы Кыргыз улуттук университетинде докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган, 2019-жылы ага Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы “профессор” илимий наамын ыйгарган. 100дөн ашуун илимий эмгектин автору болуп саналат, алардын ар бири улуттук юридикалык илимдин өнүгүшүнө салым кошкон.
Факультеттин негизги максаты ИИМдин жана башка укук коргоо түзүмдөрүнүн муктаждыктарына ылайык, терең теориялык жана адистештирилген даярдыкка ээ илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо. Факультеттин бүтүрүүчүлөрү илимий изилдөөлөрдүн заманбап ыкмаларын жана каражаттарын өздөштүрүп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүгө, коомдук коопсуздукту камсыздоого, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган өз алдынча илимий жана педагогикалык ишмердүүлүк көндүмдөрүнө ээ болушат.
Факультеттин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, ошондой эле Улуттук аттестациялык комиссиянын ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. Факультет Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан бекитилген түзүмгө жана штаттык бирдиктерге ылайык иш алып барат.
Илимий кадрларды даярдоонун негизги формалары болуп аспирантура (адъюнктура) жана докторантура эсептелет. Алар ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо мекемелеринин кызматкерлерине жогорку билимдин базасында терең илимий жана педагогикалык компетенцияларды өздөштүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана жогорку окуу жайларында окутуучулук ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кабыл алуу жыл сайын Кыргыз Республикасынын ИИМдин ченемдерине жана министр тарабынан бекитилген кабыл алуу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Талапкерлердин саны тиешелүү ведомстволордун муктаждыгына жана Академиянын мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат.
Факультетте аспирантура (адъюнктура) Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 2006-жылдын 16-майындагы № 286/1 буйругунун негизинде ачылган. Төмөнкү илимий адистиктер боюнча даярдоо жүргүзүлөт:
- 12.00.01 – укук жана мамлекеттин теориясы жана тарыхы; укук жана мамлекет жөнүндөгү окуулардын тарыхы;
- 12.00.02 – конституциялык укук, муниципалдык укук;
- 12.00.03 – жарандык укук; ишкердик укук; үй-бүлөлүк укук; эл аралык жеке укук; жарандык процесс;
- 12.00.08 –кылмыш жаза укугу жана криминология; жаза аткаруу укугу;
- 12.00.09 – жазык процесси; криминалистика; ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү;
- 12.00.10 – эл аралык укук; европалык укук.
2018-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин № 1391/1 буйругу менен тизмеге кошумча төмөнкү адистиктер киргизилген:
– 12.00.11 – соттук бийлик; прокурордук көзөмөл; укук коргоо ишмердүүлүгүн уюштуруу;
- 12.00.14 – административдик укук, финансылык укук, маалымат укугу.
2020-жылдын 21-декабрындагы №1048/1 буйругу менен факультетте төмөнкү илимий адистиктер боюнча докторантура ачылган:
- 12.00.08 –кылмыш жаза укугу жана криминология; жаза аткаруу укугу;
- 12.00.09 – жазык процесси; криминалистика; ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү;
- 12.00.11 – соттук бийлик; прокурордук көзөмөл; укук коргоо ишмердүүлүгүн уюштуруу.
2023-жылы факультет Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аттестациясынан ийгиликтүү өтүп, кошумча билим берүү чөйрөсүндө билим берүү ишин жүргүзүүгө мөөнөтсүз лицензия алган. Бүтүрүүчүлөргө “Жогорку мектептин окутуучусу” квалификациясы ыйгарылат.
Факультет жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү алдыңкы илимий мекемелер менен тыгыз кызматташат. Ички иштер органдары үчүн илимий кадрларды даярдоо чет өлкөлүк ЖОЖдордун адъюнктураларынын базасында дагы жүзөгө ашырылат, алардын катарында төмөнкү мекемелер бар:
– Россия Федерациясынын ИИМдин Башкаруу академиясы (Москва шаары);
– Россия Федерациясынын ИИМдин В.Я. Кикотя атындагы Москва университети;
– Россия Федерациясынын ИИМдин Санкт-Петербург университети;
– Россия Федерациясынын ИИМдин Омск академиясы. Факультет иштеп турган мезгил аралыгында юридикалык илимдердин ар кандай багыттары боюнча 150дөн ашуун кандидаттык жана доктордук диссертациялар ийгиликтүү корголгон. Факультеттин көптөгөн бүтүрүүчүлөрү ИИМдин системасында, өлкөнүн илимий жана билим берүү мекемелеринде жооптуу кызматтарды аркалап, илимий-педагогикалык ишмердүүлүктү улантып, укуктук мамлекеттин өнүгүшүнө жана коомдук коопсуздуктун бекемделишине салым кошушууда