Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун мыктысы.
1972-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сан-Таш айылында туулган. 1996-жылы КМИФКны, 2003-жылы КР ИИМдин Академиясын юриспруденция (юрист) багытында аяктаган.
Эмгек жолун 1997-жылы Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин ЖИИнин аймактык инспектору болуп иштөө менен баштаган.
1998-жыл – Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;
1999-жыл – Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Борборлоштурулган күзөт пунктунун Ыкчам бөлүмүнүн нөөмөтчүсү;
2001-жыл – КР ИИМдин Күзөт башкармалыгынын милиция полкунун чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүн коргоо батальонунун күзөт инспектору;
2001-жыл – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күжүрмөн жана дене тарбияга даярдык кафедрасынын окутуучу;
2005-жыл – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күжүрмөн жана дене тарбияга даярдык кафедрасынын начальниги;
2010-жыл – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күжүрмөн жана дене тарбияга даярдык кафедрасынын доценти;
2015-жыл – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күжүрмөн жана дене тарбияга даярдык кафедрасынын профессору;
02.09.2016-жыл – Кызмат өтөө жөнүндө жобонун 106-пунктунун “В” пунктчасына (пенсия алууга жарамдуу эмгек стажысына ылайык) ылайык ИИОдон Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн резервине бошотулган; 26.10.2020-жыл – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги болуп дайындалган.