Бүгүн, 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата Кыргыз Репсублкасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери, кызматкерлери Красная речка айылында жайгашкан Атайын билим берүү мектеп интернатына барып келишти. Бул жолу студенттер, курсанттар бөбөктөргө жаңы жылга белек катары балаты орнотушуп, кийим-кечек, таттууларды алып барып, чакан концерттик программасын тартуулашты. Аз да болсо кубаныч тартуулаган Академиянын өздүк курамына мекеменин жамааты жана кичинекей достор ыраазычылыктарын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *