3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 31 жылдык мааракесине карата ИИМдин Академиясында майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чара гимндин коштоосунда Мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын генерал-майору Т. Абитов катышуучуларды майрамы менен куттуктап, кыргыз эли тээ байыртадан бери эле өз туусуна ээ болуп, тууга өзгөчө маани берип, маанилүү символ катары көздүн карегиндей сактап келгенин жана туу – көз карандысыздыктын, мамлекетке болгон сүйүүнүн символу экенин белгилеп, Кыргызстандын желегин дүйнө-жүзүнө желбиреткен уул-кыздардын көп болушун каалады.

Андан соң, Мамлекеттик туунун тарыхы, түсү жана белгилеринин мааниси жөнүндө кыскача баяндама окулду.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстандын ЖОЖдор арасында “Ден-соолук – 2023” спартакиадасынын жеңүүчүлөрүнө, жана ошондой эле республикалык деңгээлде өткөрүлгөн спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара ИИМдин Академиясынын өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *