Бүгүн, Кыргыз Републикасынын ИИМдин Академиясында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, ардагерлер кеңеши, Бишкек шаардык Афган согушунун ардагерлер кеңеши жана өздүк курам катышты. ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов майрамдык иш-чараны ачып жатып, өз үйүн, Мекенин коргоо – ыйык парз, аны ар-намыстуулук менен аткаруу ар бир жарандын милдети экенин жана Ата-Мекенди коргоочу — бул бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес, бул —экономикага, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятка күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуул экенин белгилеп, катышуучуларга күч-кубат чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил турмуш каалап, бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Андан соң, Республикалык Афган согушунун ардагерлер кеңешинин мүчөсү Таштанбаев Орозбек Ормотаевич чыгып сөз сүйлөп, Ата Мекенди коргоочулар күнү менен ИИМдин Академиясынын жалпы жамаатын куттуктап, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин атынан кызматкерлерге медалдарды, ардак грамоталарды тапшырды. Иш-чаранын соңунда, көрүүчүлөргө курсанттар жана студенттер тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *